Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, Бишкектеги алты турак жайдын курулушун токтоткон компанияларды сырткы башкарууга өткөрүү пландалууда. Чечим жакынкы арада кабыл алынат.
Бул фирмалардын уюштуруучуларына жана жетекчилерине карата материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.
Токтотулган курулуштардын тизмеси
- Жибек Жолу проспектиси, 295, 297 — 80 батирлүү үй, «Эксперт Строй», 2018-жылдан бери токтоп турат;
- Мичурин көчөсү, 121б — 169 батирлүү үй, «Эксперт Строй» жана «Гидротехстрой», 2021-жылдан бери;
- «Кок-Жар» турак массиви, Куйручук көчөсү, 197/2 — 200 батирлүү үй, «Эмаком» жана «Ханстрой», 2022-жылдан бери;
- «Кок-Жар» турак массиви, Молдокулов көчөсү — 360 батирлүү комплекс, «Кыргыз-Арабиан Альхнейзи» жана «ОППС Строй», 2013-жылдан бери;
- Кипкалов көчөсү — 181 батирлүү комплекс, «Эмаком», «Ханстрой» жана «Бренд Хаус», 2021-жылдан бери;
- Таш-Дөбө айылы, Куттубаев көчөсү, 15/9а, 15/9б, 15/10 — 10 кабаттуу үйлөр, «Эмаком», «Ханстрой» жана «Бренд Хаус», 2020-жылдан бери.
Курулуштардын баары компаниялардын каржылык көйгөйлөрүнөн, үлөшчүлөр алдындагы милдеттенмелерин аткарбаганынан жана мыйзам бузуулардан улам токтотулган. Ошондуктан жүздөгөн адамдар сатып алган турак жайларын жылдар бою ала алышпай келет.
31-октябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев аталган объектилерди кыдырып чыгып, үлөшчүлөр менен жолугушту. Ал курулушту мамлекеттин колдоосу менен бүтүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады, мында жумуштардын наркы кайра каралат.



















