Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрга карата президенттик шайлоого катышууну каалаган үч адамдын документтерин кабыл алды. Талапкерлер — Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков жана Сыймык Жапыкеев.
Ар бир талапкер өзүн колдоо үчүн жок дегенде 30 миң шайлоочунун колун чогултушу керек. Бул шайлоодо биринчи жолу кол топтоо электрондук түрдө жүрүүдө, тизме менен каалаган адам тааныша алат.
Талапкерлердин чогулткан колдору (2-ноябрга карата)
Кол топтоонун акыркы мөөнөтү — 2026-жылдын 8-декабры. Андан кийин колдор текшерилип, чыпкаланат.
Электрондук кол топтоо кантип иштейт?
Электрондук кол топтоо чечими 2026-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган. «Түндүк» порталы аркылуу шайлоочунун инсандыгы электрондук форматта ырасталат, андан соң ал тандаган талапкерин колдой алат.
Талапкерди колдоо үчүн «Түндүк» тиркемесине кирип, кызматтар издөөчүсүнө «Кол топтоо» деп жазыш керек. Андан кийин талапкерлердин менюсу ачылат, ал жерден бир гана талапкерди колдоп добуш берсе болот.
Президенттик шайлоого талапкерлердин көрсөтүлүшү башталды. Көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин, ал эми шайлоо өзү 2027-жылдын 27-январында өтөт.





















