Министр Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы курулушу токтоп калган бир нече көп кабаттуу турак үйдү кыдырып чыкты. Ар бир объектиде ал үлөшчүлөр менен өзүнчө жолугушууларды өткөрдү, деп билдирет Министрлик.
Министр барган долбоорлор
Министрлик тараткан маалыматка ылайык, төмөнкү объектилер кыдырылды:
- Жибек-Жолу көчөсү, 295, 297 — 80 батирлүү турак үй. Курулуш 2018-жылы «Эксперт Строй» ЖЧКсы тарабынан башталган.
- Мичурин көчөсү, 121 Б (А жана Б блоктору) — 169 батирлүү 9 кабаттуу турак үй. Курулуш 2021-жылы «Эксперт Строй» жана «Гидротехстрой» ЖЧКлары тарабынан башталган.
- Көк-Жар турак конушу, Куйручук көчөсү, 197/2 — 200 батирлүү 15 кабаттуу турак үй. Курулуш 2022-жылы «Эмаком» жана «Ханстрой» ЖЧКлары тарабынан башталган.
- Көк-Жар турак конушу, Молдокулов көчөсү — 360 батирлүү турак жай комплекси. Курулуш 2013-жылы «Кыргыз-Арабиан Альхнейзи» жана «ОППС Строй» ЖЧКлары тарабынан башталган.
- Таш-Дөбө айылы, Куттубаев көчөсү, 15/9а, 15/9б, 15/10 — 10 кабаттуу турак үйлөр. Курулуш 2020-жылы «Эмаком», «Ханстрой» жана «Бренд Хаус» ЖЧКлары тарабынан башталган.
- Кипкалов көчөсү — 181 батирлүү турак жай комплекси, беш кабат жана мансард кабатынан турат. Курулуш 2021-жылы «Эмаком», «Ханстрой» жана «Бренд Хаус» ЖЧКлары тарабынан башталган.
Министрлик белгилегендей, аталган объектилер боюнча жакынкы арада курулуш компанияларынын ишине тышкы башкаруу киргизүү чечимдери кабыл алынат.
Министрлик жогоруда аталган объектилер боюнча курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизүү боюнча чечимдерди жакынкы арада кабыл алат
Мындан тышкары, Министрлик бул компаниялардын негиздөөчүлөрүнө жана жетекчилерине карата чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылууларды даярдайт.















