Бишкектин «Восток-5» кичи районунда Чуй проспектисиндеги «Арбат» коомдук транспорт аялдамасы убактылуу демонтаждалды. Бул тууралуу тургундар 24.kg басылмасына билдиришти.
Шаар тургундары ремонт иштери учурунда автобус жана маршруттук таксилерди ачык асман алдында күтүүгө аргасыз болуп жаткандыктарына тынчсызданууда.
Мэриянын маалыматы боюнча, Чуй проспектисинде «Арбат» аялдама комплексин реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Ремонттук-реконструкциялык иштерге байланыштуу аялдама убактылуу алынып салынган.
Иштер аяктагандан кийин бул жерге жаңы форматтагы аялдама комплекси орнотулат. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, долбоор «Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемеси менен макулдашылган.
Муниципалитет 24.kg басылмасына билдиргендей, жаңы аялдама заманбап талаптарга жооп берип, тургундар жана коомдук транспорт жүргүнчүлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздайт.
Реконструкциянын аяктоо мөөнөтү райондук администрациянын билдирүүсүндө такталган эмес.






















