Материалов: 2006
Казакстандын жараны жана инвестору Турат Булембаев кыргыз жарандары тарабынан коркутуу жана Алматы шаарындагы үч бөлмөлүү батиринин тартып алынышы боюнча билдирүү жасады.
Социалдык тармактарда баңгизатка көз каранды жарандардын сүрөттөрү жарыялангандан кийин талаш-тартыш жаралды. Буга Сокулук районунан келген активист комментарий берип, эгер кимдир бирөө өз жанын кыюуну чечсе, сотко кайрылуусу керектигин билдирди.
Сон-Көлдүн жайлоосунда оор жүк ташуучу унаалар жайыттарды бузуп, жер тилкелерине зыян келтирген. Жаратылыш ресурстары министрлиги бул боюнча 12 мыйзам бузууну аныктап, күнөөлүүлөргө жалпысынан 66 миң сом айып салды.
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында жапайы камандар пайда боло баштады. Жергиликтүү тургундар мындай адаттан тыш көрүнүштөрдү айтып жатышса, райондук администрациянын кызматкери да акыркы күндөрү окуялар катталганын ырастады.
Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан «Мурок» пансионатынын пляжында эс алуучулар менен мекеменин кызматкерлеринин ортосунда жапырт мушташ чыкты. Бул окуя турмуштук пикир келишпестиктен улам келип чыгып, катышуучулар физикалык кагылышууга өтүшкөн.
Чүй облусунун Токмок шаарында унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен окуя катталды. Кырсык 26-июль күнү болжол менен саат 18:20 чамасында Жантаев жана Зоя Космодемьянская көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жана тез жардам унаасы иштеген. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу ооруканага жеткирилген.
25-июль күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталды. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 42-43-чакырымында, Ивановка айылына кире бериште жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен. Кырсыкка жүк ташуучу унаанын айдоочусунун скутер айдаган адамды сактап калуу максатында чукул бурулуш жасаганы себеп болгон.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейин социалдык тармактар аркылуу митингге жана массалык башаламандыктарга чакырык таштаган деген шек менен кармалган О.А. аттуу жаран адамдарды сабап, аны видеого тартып жүргөнү аныкталды. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголду.
Борбор калаада милиция кызматкерлери мыйзамсыз орнотулган жарык маяктары менен унаа башкарган айдоочуну аныктап, ага карата протокол түзүштү. Бул окуя Instagram социалдык тармагында жарыяланган видеодон кийин белгилүү болгон.
Өзгөн районунда эки эркек кишинин ортосундагы жаңжал жергиликтүү кафенин администраторун сабоого алып келди. Уруп-согууга шектүү катары бир жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында жол кырсыгы катталды. Трициклды башкарып бара жаткан өспүрүм менен кагылышуудан качууга аракет кылган жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен. Кырсык кечээ, 25-июлда болгонун күбөлөр билдиришти.
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бажы мыйзамдарын бузуунун жана кылмыштардын 10 448 фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурбек Чегирткеевдин төрагалыгы астында өткөн оперативдүү кеңешмеде белгилүү болду. Отчеттук мезгилде 10 162 укук бузуу иши козголуп, 78,5 миллион сом айып пул өндүрүлгөн.