Сон-Көлдүн жайлоо аймагында оор жүк ташуучу унаалардын жайыттарды тебелеп өтүшү жер тилкелерине олуттуу зыян келтирди. Бул фактылар Жаратылыш ресурстары министрлигинин жүргүзгөн текшерүүсүндө аныкталды.

Министрлик жалпысынан 12 мыйзам бузууну каттап, жайыттарга зыян келтирген айдоочуларга карата чара көрдү. Мыйзам бузгандар жалпысынан 66 миң сом суммасында айыпка жыгылды.