Ысык-Көл жээгиндеги «Мурок» пансионатынын аймагында эс алуучулар менен тейлөөчү кызматкерлердин ортосундагы турмуштук чыр мушташка айланып кеткен. Алдын ала маалыматка ылайык, оозеки айтыш тез эле физикалык тирешүүгө өтүп кеткен.
Кырдаалды жөнгө салуу жана коомдук тартипти калыбына келтирүү үчүн окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери чакырылган.
Учурда милиция укук бузуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Окуянын чыгышына себепкер болгондор, анын бардык катышуучулары, ошондой эле мүмкүн болгон жаракаттардын оордугу жана келтирилген зыяндын деңгээли такталууда.




