Turmush басылмасы билдиргендей, айыл тургундары Асылбаш айылында жапайы камандардын жүргөндүгүн айтышууда. 25-июлда тартылган видеодо алардын айыл ичинде басып жүргөнү көрсөтүлгөн. Айылдыктар "Мурда талааларда болушу мүмкүн эле, бирок айылга мындай киришкен эмес" деп билдиришти.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери, Асылбаш айылынын тургуну Мирбек Маниясов да акыркы күндөрү жапайы камандардын айылга кирип келүү фактылары катталганын тастыктады.