Ош облусунун Өзгөн районунда кафенин администраторун сабады деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, 22-июль күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Дон-Булак айылындагы кафеде мас абалында мушташ болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 21-июлдан 22-июлга караган түнү саат 02:20 чамасында кафенин эки кардары спирт ичимдиктерин ичип, андан кийин эсепти төлөөдөн баш тартып, чыр чыгарышкандыгы аныкталды.
Милиция билдиргендей, алар 1984-жылы туулган А.К. аттуу мекеменин администраторун сабап, ага денесине залал келтиришкен.
Жабырлануучу арыз менен кайрылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган Б. у. Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.





