Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 25-июль күнү жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыгы болду. Окуя Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 42-43-чакырымында, Ивановка айылына кире бериште катталган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жүк ташуучу унаанын айдоочусу күтүүсүздөн жолго чыгып кеткен скутерди сүзүп албоо үчүн чукул маневр жасоого аргасыз болгон. Рульду катуу бургандыктан, унаа туруктуулугун жоготуп, капталына оодарылып кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында эч ким жабыркаган жок, анын ичинде унаанын айдоочусу да, скутер айдаган адам да аман калган. Унаа механикалык бузулууларга учурап, тийиштүү экспертизаларды жүргүзүү үчүн айып унаа токтотуучу жайга жеткирилди.