Бишкекте укук коргоо органдары мыйзамсыз жабдылган унаанын айдоочусун таап, тийиштүү чараларды көрүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБ) басма сөз кызматы билдирди.

Жол эрежесин бузгандыгы тууралуу протокол түзүлүп, унаа адистештирилген айып унаа токтотуучу жайга жеткирилди.

Мыйзамсыз орнотулган жабдууларды айдоочу милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп берген. МККБ унаага кайсы жабдык орнотулганын тактаган жок.

Ведомство айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана унааларга тыюу салынган жабдууларды орнотпоого чакырат.