Жаран О.А., 2003-жылы туулган, буга чейин социалдык тармактарда митингге жана массалык башаламандыктарга чакырык таштаган деген айып менен кармалган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү О.А. башка адамдарды сабап, аларды кемсинтип, эл алдында кечирим суроого мажбурлап, бул окуяларды видеого тартып жүргөнү белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 2025-2026-жылдарга таандык кеминде төрт эпизод аныкталган.
Бул окуялардын үчөө боюнча жабырлануучулардын өздүгү такталып, алар менен тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Дагы бир факты боюнча жабырлануучунун өздүгүн жана бардык жагдайларды аныктоо боюнча иштер улантылууда.
Учурда тергөө шектүүнүн башка ушул сыяктуу окуяларга катыштыгы бар-жогун текшерип жатат. Иш боюнча иликтөө уланууда.



