Материалов: 2006
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурлан Жумалиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жакында катталган селдин кесепеттерин жана калктуу конуштарды табигый кырсыктан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды текшерди. Визиттин жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге сел өткөрүүчү каналдарды кеңейтүү, көпүрөлөрдү реконструкциялоо жана стратегиялык объектилерди коргоо боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоо тапшырмалары берилди.
Акыркы үч жылда Кыргызстанда вирустук гепатиттерди аныктоо боюнча 2,9 миллионго жакын лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп, анын натыйжасында 75,8 миңдей адамдан оң натыйжа чыккан. Бул тууралуу Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти контролдоо борборунун директору Умуткан Чокморова билдирди. Анын айтымында, бул мезгилде С гепатити менен ооруган 7,2 миңге жакын бейтап айыктырылган.
Бишкек борборунда Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук тармактарын модернизациялоо иштерине байланыштуу транспорт кыймылы убактылуу жарым-жартылай токтотулду. Муну менен шаар жашоочулары жана конокторун каттамдарга алдын ала каралып, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырылат.
Кант шаарында болгон жол кырсыгында 27 жаштагы Фаиза Кыдырбаева аттуу кыз каза болду. Ал Кант шаардык мэриясында иштеген. Каза болгон кыздын апасы Чолпон Кадырова коомчулукка кайрылып, окуянын күбөлөрүн жана фото- видеоматериалдарын табууга жардам сурады. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазган.
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жайыт жерлеринин өндүрүш калдыктары менен булганган фактысын ырастады. Булгануу «Бучук» кенинде пайдалуу кендерди казып алуучу компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында болгон.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 17-июлдан 23-июлга чейинки аралыкта Кыргызстанда рейддерди өткөрүп, жол эрежелерин бузуунун көп сандаган фактыларын аныктады. Рейддердин жүрүшүндө айдоочулардын мас абалында унаа башкаруусу, айдоочулук күбөлүгүнүн жоктугу жана жасалма номерлерди колдонуу сыяктуу олуттуу мыйзам бузуулар ачыкка чыкты.
Маалыматка ылайык, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жаран түзөтүү мекемесинен жасалма долларларды сатып алуучуну таап, келишимди тааныштары аркылуу жөнгө салган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпы суммасы 18,2 миң долларга барабар жасалма банкноттор табылган.
Чуй облусундагы "Чалдыбар" фитосанитардык көзөмөл пунктунда Россия Федерациясынан келе жаткан 90 куб метр пиломатериалдын мыйзамсыз алып кирилишине бөгөт коюлду. Адистер текшерүү учурунда фитосанитардык сертификаттагы маалыматтар товарды коштогон документтерге дал келбегендигин аныкташты, деп билдирди Айыл чарба министрлиги.
Кант шаарында өспүрүм бала сабалып, аны камерага алып кечирим суроого мажбурлаган окуя болду. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарап, жергиликтүү милиция кызматкерлери бул фактыны каттады. Учурда иликтөө иштери башталды.
Күбөлөрдүн айтымында, Ысык-Көлдө эс алып жүргөн 14 жаштагы кызды белгисиз аял аёосуз сабаган. Окуядан кийин өспүрүм кыз мээси чайкалып, мурду сынган абалда ооруканага жаткырылган. Ошондой эле күбөлөр кол салган аял окуя болгон соң кое берилгенин билдиришүүдө.
Талас шаардык мэриясы социалдык тармактарда «Баатырлар» паркындагы аттракциондор иштебей жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бардык аттракциондор керектүү техникалык текшерүүлөрдөн өтүп, коопсуздук стандарттарына жооп берет жана учурда штаттык режимде иштеп жатат.
Каракол шаарында айыл чарба багытындагы жерге уруксат кагаздары жок курулган объект демонтаждалды. Бул факт боюнча жерди өзүм билемдик менен басып алуу беренеси менен кылмыш иши козголду.