Turmush басылмасынын маалыматына ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарында унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, окуя 26-июль күнү кечки саат 18:20 чамасында болгон.
Жол кырсыгы Жантаев жана Зоя Космодемьянская көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жана тез жардам унаасы чакырылып, алар тийиштүү иштерди жүргүзүшкөн. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жабыркаган адам ооруканага жеткирилген.



