Казакстандык инвестор Турат Булембаев Кыргызстандын жарандарын Алматыдагы мүлкүн талап-тоноо жана коркутуу фактылары боюнча айыптады.
Маалыматтарга ылайык, ага коркутуп-үркүтүү жолу менен Алматы шаарында жайгашкан үч бөлмөлүү турак жайы тартып алынган. Бул тууралуу чет элдик инвестор Kaktus.media басылмасына билдирген.













