2026-жылдын 23-июлунда Кыргызстандын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурбек Чегирткеевдин жетекчилиги астында Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо ишмердүүлүгүнүн 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жыйынтыгы боюнча оперативдүү кеңешме өттү.

Аталган мезгил аралыгында бажы мыйзамдарын бузуу жана кылмыш иштери боюнча 10 448 факты аныкталды.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары

10 162укук бузуу иши козголгон
78,5 млнсом айып пул өндүрүлгөн
466,3 млнсом бажы төлөмдөрү камсыздалган
503,5 млнсом зыяндын орду толтурулган
1 млрд 48 млнсомдон ашык бюджетке кошумча түшкөн

Ошондой эле, алты айдын ичинде 45 баңги кылмышы аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн баңги каражаттары, психотроптук заттар, прекурсорлор жана кооптуу калдыктар алынган.

Кеңешменин жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүмдөрүнүн иши оң деп табылды.

Нурбек Чегирткеев аткаруу тартибин күчөтүүнү, товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана баңги заттардын айланышына каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууну, ошондой эле коррупциянын алдын алуу жана кызматтык тартипти чыңдоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.