Чуй облусунун “Чалдыбар” фитосанитардык көзөмөл пунктунда жалпы көлөмү 90 куб метрди түзгөн пиломатериалдарды Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган эки жүк ташуучу унаа кармалды. Жүк Россия Федерациясынан келе жаткан болчу.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин адистери жүргүзгөн текшерүүдө фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар товарды коштогон документтердеги маалыматтарга дал келбей турганы аныкталган.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу кармалган жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган.






