Бул окуя Ысык-Көлдө эс алуу учурунда болгон. 14 жаштагы кызга аял кол салып, аны катуу сабаган. Сабалган кыздын абалы оор болгондуктан, ал дароо ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын мээси чайкалып, мурду сынганын аныкташкан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кол салууга шектелген аял окуя болгон жерден кое берилген.