17-июлдан 23-июлга чейинки мезгил аралыгында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагында жүргүзгөн рейддердин натыйжасында жол эрежелерин бузуунун 23 миң 735 фактысы катталды.
Аныкталган эреже бузуулардын айрымдары
Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы 924 эреже бузуу, унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуунун 222 фактысы, автоунаа бейбаштыгынын 22 учуру жана жасалма мамлекеттик номерлери бар 11 унаа аныкталды. Катталган бардык эреже бузуулардын 8 миң 614ү башка категорияларга кирген.
Жалпысынан 3 миң 217 унаа айып токтотуучу жайларга киргизилди. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин так сактоого чакырды.




