Кант шаарында 21-май күнү саат 22:30 чамасында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 27 жаштагы Фаиза Кыдырбаева каза болгон.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 21-май күнү саат 23:53тө Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Кант шаарындагы Күрөңкеев—Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде унаа турак жайга урунуп, андан кийин күйүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу болжол менен саат 22:45те 1997-жылы туулган А.А. аттуу жаран “Мерседес Бенц С-Класс” үлгүсүндөгү унаасын түндүктөн түштүктү карай айдап бара жатып, рулга ээ боло албай калганын аныктаган. Ал светофордон өтүп кеткенден кийин унаасы имаратка урунган.
Фаиза Кыдырбаева буга чейин Кант шаардык мэриясында, андан кийин бир жыл Салык кызматынын бөлүмүндө иштеген. Ал үй-бүлөдө жалгыз кыз болгон, апасы аны жалгыз тарбиялаган. Атасы буга чейин каза болгон.




















