Талас шаарынын администрациясы социалдык тармактарда «Баатырлар» паркындагы аттракциондордун бузуктугу тууралуу тараган маалыматтарды расмий түрдө төгүндөдү.
Шаардык бийлик өкүлдөрү билдиргендей, парктагы бардык аттракциондор тийиштүү техникалык текшерүүлөрдөн жана коопсуздук сыноолорунан ийгиликтүү өткөн. Алар учурда эч кандай мүчүлүштүксүз, толук кандуу иштеп жатышат.
Заманбап аттракциондор «Баатырлар» паркынын масштабдуу реконструкциялоо иштеринин алкагында орнотулган.
Долбоордун маалыматтары
Паркты жаңылоо иштери Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашкан. Реконструкциядан кийин парк шаар тургундары жана жаштар үчүн заманбап, ыңгайлуу эс алуучу жайга айланган.





