Борбордук Бишкек шаарында Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде кыймыл жарым-жартылай чектелди. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы билдирди.
Чектөө жылуулук тармактарын модернизациялоо жана оңдоо иштерин улантууга байланыштуу жасалууда. Адистер эски жабуунун плиталарын чыгарып, жаңы жылуулук камерасынын жабуу плиталарын орнотуп, жылуулук камерасын тазалоо жана изоляциялоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.
Ишканадан белгилешкендей, мурунку этапта Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн аймагында диаметри 426 миллиметр болгон түтүк алмаштырылды.
Шаар калкы жана коноктор каттамдарды пландаштырганда убактылуу чектөөлөрдү эске алууга, ошондой эле убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырылат.
