ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын басма сөз борбору билдиргендей, Нурлан Жумалиев селден кийинки абалды көрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.
23-июлда Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагындагы Кара-Булак айылында жана Баткен шаарында сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам чараларды көргөн.
Баткен шаарында сел суулары "Баткен электр тармактары" ишканасынын имаратына кирип, натыйжада кээ бир райондордо электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учураган. Кара-Булак айылында куткаруучулар "Алтын-Бешик" эс алуу жайында эс алып жаткан балдарды жана аларды коштоп жүргөн мугалимдерди өз убагында коопсуз жайга эвакуациялашкан.
Берилген тапшырмалар
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү ведомстволорго сел өткөрүүчү каналдын нугун кеңейтүү, көпүрөнү реконструкциялоо, "Баткен электр тармактары" ишканасын сел коркунучунан коргоо үчүн канал куруу, ошондой эле бул иштер боюнча долбоордук-сметалык документтерди кыска мөөнөттө даярдоо тапшырмалары берилди.











