Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда вирустук гепатиттерди аныктоо максатында 2,9 миллионго жакын лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 75,8 миңге жакын адамдан вирустук гепатиттин оң натыйжасы табылган. Бул тууралуу Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти контролдоо борборунун директору Умуткан Чокморова маалымдады.
Гепатит боюнча маалымат
Чокморованын айтымында, оң натыйжа чыккан бейтаптардын баарына эле дароо дарылоо дайындалбайт. Эгерде кандагы вирустун саны аз болсо, дарыгерлер терапияны баштабай коюшу мүмкүн, анткени организм инфекцияны өз алдынча баса алат.
Ал ошондой эле бул мезгилде С гепатити менен ооруган 7,2 миңге жакын бейтапты айыктырууга жетишкендиктерин билдирди. Дарыларды үч ай кабыл алгандан кийин вирустук жүк азайып, бейтап айыгат.
Чокморова В, С жана Д гепатиттери чогуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады. Ошол эле учурда Д гепатити В гепатити болгондо гана пайда боло алат. Анын айтымында, бейтаптарда бир эле учурда вирустук гепатиттин бир нече түрү – В, С жана Д аныкталган учурлар кездешет.
















