Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тоо-кен иштерин жүргүзгөн компаниянын өндүрүш калдыктарынан жайыт жерлеринин булганганын ырастады. Бул булгануу «Бучук» кенинде пайдалуу кендерди казып алуу иштеринин натыйжасында пайда болгон калдыктардын шамал аркылуу тарашынан улам келип чыккан.

Бул факты тууралуу алгач жергиликтүү тургундардан маалымат келип түшкөн. Андан соң, Жаратылыш ресурстары министрлигинин Нарын облустук башкармалыгы тарабынан аймакта ыкчам текшерүү жүргүзүлүп, булгануу фактысы тастыкталды.