Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы билдиргендей, Каракол шаарында айыл чарба багытындагы жерге мыйзамсыз курулган объект бузулду.
Маалыматка ылайык, 450 чарчы метр аянтты ээлеген жер тилкеси айыл чарба багытында болгонуна карабастан, эч кандай уруксат кагаздары жок жана жердин максаттуу багытын бузуу менен турак үй курулуп жаткан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мыйзамсыз курулган объект бузулуп, жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин (башка бирөөнүн жер тилкесин өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана айыл чарба багытындагы жерлерге максаттуу багытын бузуу менен өзүм билемдик менен курулуш жүргүзүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Учурда керектүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.








