Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Ысык-Ата райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Клара Нарынбаевага жана райондук Маданият үйүнүн көркөм жетекчиси Акматбек Алдашевге «Ысык-Ата районунун ардактуу жараны» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Turmush кабарчысына райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.
Райондун маданий инфраструктурасы
Райондук маданият бөлүмүнүн карамагында 43 маданият мекемеси бар. Алардын ичинде төмөнкүлөр бар:
- 1 райондук Маданият үйү
- 1 шаардык Маданият үйү
- 1 шаардык Маданият сарайы
- 24 айылдык Маданият үйү
- 1 райондук жана 11 айылдык китепкана
- А. Жумахматов атындагы 1 музыкалык мектеп
- Б. Эдигеев атындагы «Ысык-Ата — Арашан» элдик фольклордук ансамбли
- 2 жеке музей
Райондун маданият тармагында жалпысынан 89 кызматкер эмгектенет. Алардын арасында 2 Кыргыз Республикасынын эл артисти, 3 эмгек сиңирген артисти жана 30дан ашык «Маданият отличниги» төш белгисинин ээлери бар.
Маданият кызматкерлеринин күнү тууралуу
Кыргызстанда 2-ноябрда Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул майрам 1995-жылы Кыргызстан өкмөтүнүн токтому менен негизделген. Анын башкы максаты — кыргыз элинин руханий баалуулуктарын, маданий жана тарыхый мурастарын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу.




















