Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Медербек Сыдыковдун айтымында, бүгүнкү күндө 20га жакын стадиондун курулушу жана реконструкциясы аяктады. Кийинки эки жылда дагы 20дай объектини пайдаланууга берүү көздөлүүдө.
Учурда Токмок, Нарын шаарларында жана Кочкор районунда курулуш иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Баткен, Кызыл-Кыя, Ноокат жана Кербен шаарларында да иштер улантылууда.
Айрым объектилер кийинки жылы пайдаланууга берилет. Эгер үлгүрсөк, Токмоктогу стадионду ноябрда тапшырууну пландап жатабыз.
Сыдыков баса белгилегендей, алгачкы этапта футбол салттары байырлаган шаарларга артыкчылык берилген. Мындан ары өлкөнүн бардык райондук борборлорунда жана шаарларында стадиондорду оңдоо жана реконструкциялоо пландалууда.
План боюнча





















