Кара-Көл шаарында 2-ноябрда Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасы кабарлады.

Майрамдык кече Маданият үйүнүн чыгармачыл жамаатынын жана элдик кол өнөрчүлөрдүн катышуусундагы концерттик программа менен ачылды. Концерттен соң шаар мэри Азамат Турдубеков маданият тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип келе жаткан кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Маданият кызматкерлери шаардын коомдук жана маданий турмушундагы ар бир иш-чарага активдүү катышып, маданий окуялардын маңыздуу өтүшүнө салым кошуп келишет.
Кара-Көл шаарынын мэри Азамат Турдубеков

Мэр өз сөзүндө маданият тармагындагы адистердин эмгеги шаар тургундарынын маданий жашоосун байытып, ар кандай иш-чаралардын жогорку деңгээлде өтүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.