Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда театр өнөрүнүн өнүгүшү 1920-жылдардан башталган. Биринчи элдик театр 1918-жылы Каракол шаарында түзүлүп, анын ышкыбоздук труппасы негизинен жергиликтүү мугалимдерден турган.

1920-жылы ышкыбоздук театрлар Пишпек жана Нарын уезддеринде да иштеген. Ал эми биринчи кесиптик театр 1926-жылы ачылган.

Азыркы учурда республиканын аймагында 21 кесиптик театр иш жүргүзөт. Алардын ичинен 10 театр Бишкекте, 2 Жалал-Абад облусунда, 3 Ошто, 2 Нарын облусунда, ал эми Баткен, Ысык-Көл, Ош жана Талас облустарында бирден театр жайгашкан.

Кыргызстандагы театрлардын аймактык бөлүнүшү

10Бишкекте
3Ошто
2Жалал-Абад облусунда
2Нарын облусунда
1Баткен, Ысык-Көл, Ош, Талас облустарында

2025-жылы театр жамааттары тарабынан 1931 спектакль жана көрсөтүү тартууланган. Көрүүчүлөр арасында эң популярдуулары — Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик академиялык орус драма театры, Бишкектеги жана Оштогу куурчак театрлары, ошондой эле Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры.

Кино чөйрөсүнө келсек, республикада 32 кинотеатр иштейт. 2025-жылы алар 247 миңден ашык сеанс көрсөтүп, аларга 4 миллиондон ашык көрүүчү келген.

Ошондой эле Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсү боюнча, 2-ноябрда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянтта кыргыз профессионалдык театрынын 100 жылдыгына жана Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөн.

Майрамдык иш-чара маданият министри Мирбек Мамбеталиев жетектеген өлкөнүн театр жамааттарынын салтанаттуу жүрүшү менен башталган. Ага бардык аймактардан театр өкүлдөрү катышып, кыргыз профессионалдык театрынын кылымдык тарыхын көрсөтүшкөн.

Андан соң майрамдык программа масштабдуу шоу-концерт менен уланган. Көрүүчүлөргө кыргыз театрынын тарыхын, анын жолун жана улуттук өнөрдүн өнүгүшүнө кошкон салымын чагылдырган театралдаштырылган көркөм программа тартууланган.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият жана искусство ишмерлери, театрлардын чыгармачыл жамааттары, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышкан.

Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы жана кыргыз профессионалдык театрынын 100 жылдыгы менен куттуктап, улуттук театр өнөрүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жаткан искусство ишмерлерине ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле театрдын тарыхый маанисин жана анын улуттук руханий баалуулуктарды сактоодогу, аларды келечек муундарга жеткирүүдөгү өзгөчө ролун баса белгиледи.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев

Майрамдык концертте кыргыз эстрадасынын белгилүү аткаруучулары жана искусство ишмерлери өнөр көрсөтүшкөн.