Ноокен районунун Бургонду-Достук айыл аймагына караштуу Жаны-Арык айылынын Жаны-Жол участкасында 10 гектар аянтта жаңы муниципалдык мал базар курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасы кабарлады.

Курулуш иштерине жалпысынан 80 млн сом багытталган. Жергиликтүү бийликтин баамында, жаңы мал базар мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, мал соодалоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жергиликтүү тургундардын соода-базар ишин жакшыртууга багытталган.

Жаңы мал базардын негизги көрсөткүчтөрү

10гектар аянт
80млн сом чыгым