Мелдештин уюштуруучулары Turmush басылмасына билдиргендей, жарышка Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Беларустан спортчулар келишкен. Алар суу сактагычта балык кармоо чеберчилигин сынашты.
Жеке эсептеги жеңүүчүлөр
- 1-орун — Абдурашид Гуламов;
- 2-орун — Рият Ягфаров;
- 3-орун — Влад Нурушев.
Командалык эсептеги жеңүүчүлөр
- 1-орун — «Hard Angles Belarus» (Беларусь);
- 2-орун — «Речные кочевники» командасы;
- 3-орун — «Финальные боссы» командасы.
Спиннинг — бул балык кармоочу атайын шайман (удилище). Ал алабуга, чортон, көксерке сыяктуу жырткыч балыктарды кармоого ылайыкталган. Жабдык атайын удилищеден, катушкадан, жиптен же шнурдан жана жасалма жемден (блесна, воблер, силикон жемдер) турат.
Балык кармоо кыймылда жүргүзүлөт: балыкчы жемди сууга ыргытат да, катушканы айлантып, суу астында кыймылга келтирет. Мындай кыймыл жырткыч балыктын көңүлүн буруп, аны кол салууга түртөт.






























