Талас шаарында жаңы электробустор менен үч жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу «Талас шаардык автобекети» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Замир Качканаков билдирди.
Анын айтымында, аталган кырсыктардын баары материалдык зыян менен коштолгон. Ушуга байланыштуу айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырылды.
Электробустор Талас шаарына 2026-жылдын 11-сентябрында, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата тапшырылган. Шаарга бардыгы 30 электробус келген. Алардын үзгүлтүксүз иштеши үчүн заряддоочу станциялар да жеткирилген.
Электробустор тууралуу негизги маалымат
«Талас автобекети» мекемесинин аймагында электробусторду токтотуу жана сактоо үчүн атайын аянтчалар даярдалган.
Электробустор ишке киргенден кийин алар Кырк-Казык, Жон-Арык, Көк-Ой, Орто-Арык жана «Манас Ордо» багыттары боюнча каттай баштаган. Ошондой эле шаар ичиндеги А.Оторбаева, Ч.Айтматова, Үмөт Молдо жана Ж.Мырзалиева көчөлөрүндө да кызмат көрсөтүүдө.
Жол кире акысы
- Шаар ичинде — 20 сом
- Жон-Арыкка чейин — 25 сом
- Кырк-Казыкка чейин — 30 сом
- «Манас Ордо» жана Орто-Арык айылына чейин — 40 сом
Учурда айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр берилүүдө. Жаңы транспорттун коопсуз иштеши үчүн бардык тараптардын жоопкерчиликтүү мамилеси талап кылынат.





















