ЖерЭскерүүлөр: 36
Манас Ордо — Түндүк-батыш Кыргызстандагы мавзолей.

Талас облусунда «Манас Ордо» улуттук комплексинин жанында болгон мушташ боюнча кылмыш иши козголуп, үч киши кармалды. Президент Садыр Жапаров окуяны иликтөөнү тапшырды.

Талас шаарында жаңыдан кызматка кирген электробустор үч жол кырсыгына катышып, материалдык зыян келтирилгенин «Талас шаардык автобекети» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Замир Качканаков билдирди.

Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин аймагына улуттук колоритте жасалгаланган жаңы шам чырактар орнотулду. Алар комплекстин архитектуралык көрүнүшүн толуктап, аймакта бирдиктүү стилди калыптандырууга багытталган.

Талас облусунда курулушу аяктаган, бирок жергиликтүү тургундар кемчиликтерди байкаган объектилердин сапатын текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен подрядчылар аныкталган кемчиликтерди четтетип, объектилер калкка көп жылдар кызмат кылышы керек.

Талас облусундагы «Манас Ордо» улуттук тарыхый-маданий комплексинин масштабдуу реконструкциясы толук аяктады. Жаңыланган аймак улуттук мураатты заманбап архитектуралык чечимдер менен айкаштырган. Президент Садыр Жапаров бул комплекс улуттук тарыхты жайылтуу жана патриоткалык сезимди бекемдөө борбору болорун белгиледи.

Талас районунун Ташарык айылында «Манас Ордо» комплексине алып баруучу жолду капиталдык оңдоо иштери текшерилип, бир катар олуттуу кемчиликтер табылды. Жергиликтүү тургундар курулуштун сапатына нааразы болушуп, арык системасы туура эмес орнотулганын жана социалдык объектилерге ыңгайлуу кирүү жолдору каралбаганын белгилешти.
Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинин кайра курулуш иштери 85 пайызга аяктап калды. Министр Нурдан Орунтаевдин маалыматына ылайык, курулуштары пландалган мөөнөттө бүтүп, объект Эгемендүүлүк күнүндө коомчулукка сунушталаары күтүлүүдө. Бул ири долбоордо административдик борбор, чоң конгресс-зал, маданий борбор жана музей кеңейтилүүдө.

Талас шаарындагы «Манас Ордо» комплекси чоң өзгөрүүлөрдөн өтүп жатат. Азыркы учурда реконструкциялык иштердин 85%ы бүткөрүлүп, долбоордо адаминистративдик борбор, 300 орундуу конгресс-зал, улуттук стилдеги коттедждер жана 3500 орундуу маданий борбор курулуп жатат. Комплекстин жалпы аянты 225 гектарга жетет, музейдин аянты болсо 450 чарчы метрден 1500ге чейин кеңейтилип жатат.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.