Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын директору Артур Омурзаков кызматтан алынды. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 28-октябрда коомдук транспорт айдоочулары менен өткөн жолугушууда маалымдады.
Мэрдин айтымында, жолугушуунун алдында бир эле күндө автобус айдоочулары күнөөлүү деп табылган үч жол кырсыгы катталган. «Эгерде жол эрежесин сактабаса, рулга эмнеге отурушат?» — деп нааразычылык билдирди шаар башчысы.
Эгерде жол эрежесин сактабаса, рулга эмнеге отурушат?
Жолугушууга катышкан Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция кызматынын башчысы Борборбек Ташматов 9 ай ичинде автобус катышкан кырсыктарда 6 адамдын өмүрү кыйылганын белгиледи. Ал жол эрежелерин так сактоо, ылдамдыкты ашырбоо жана жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч келтирбеген жоопкерчиликтүү айдоо зарылдыгын баса белгиледи.
Милиция кызматынын маалыматы боюнча, жол эрежесин орой бузган же жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна шалаакы мамиле жасаган айдоочуларга мыйзам алкагында катаал чаралар көрүлөт, атүгүл кызматтан бошотууга чейин жеткирилет.
Кадрдык өзгөрүү
Артур Омурзаков Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын директору болуп 23-октябрда дайындалган. Ага чейин ишкананы Талантбек Капаров жетектеп, ал кызматтан бошотулгандан кийин «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалган.
Кадр чечими
Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы


Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев28-октябрь
Акыркы жол кырсыктары
Акыркы айларда Бишкекте коомдук транспорт катышкан жол кырсыктары көбөйдү. 15-октябрда Лермонтов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде 38-каттамдагы автобус алты унааны сүзгөн. Мындан төрт адам жабыркаган.
23-октябрда 166-каттамдагы автобус бир нече жеңил унаа менен кагышып, төрт адам, анын ичинде эки жашы жете элек өспүрүм жабыр тарткан. Ошол эле күнү дагы бир ири жол кырсыгы катталган.
Ал эми 28-октябрда Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Сухомлинов көчөсүнүн кесилишинде дагы бир жол кырсыгы орун алган.
Акыркы жол кырсыктары
- 15-октябрь
38-каттамдагы автобус Лермонтов жана Чүй проспектисинин кесилишинде алты унааны сүзүп, төрт адам жабыркады
- 23-октябрь
166-каттамдагы автобус бир нече унаа менен кагылып, төрт адам, анын ичинде эки өспүрүм жабыркады
- 28-октябрь
Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Сухомлинов көчөсүнүн кесилишинде дагы бир жол кырсыгы болду
























