Мамлекеттик салык кызматы «ВКонтакте» социалдык тармагынын ээси — орусиялык «ВК» компаниясы салык каттоосунан өтүп, отчеттуулукту тапшырып, бюджетке тиешелүү салыктарды толук төлөгөнүн билдирди.

Ведомство чет өлкөлүк санариптик кызмат көрсөткөн компаниялардын салык мыйзамдарын сактоосун камсыздоо боюнча ишти улантып жатканын белгиледи.

Чет элдик интернет-компанияларды каттоо келип чыккан өлкөсүнө карабастан, рыноктун бардык катышуучуларына бирдей шарт түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекеттик салык кызматы «ВК» ЖЧКсынын жоопкерчиликтүү мамилесин кубаттайт жана Кыргыз Республикасында электрондук кызмат көрсөткөн бардык чет өлкөлүк уюмдардын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоосун камсыздоо боюнча ишин улантат.
Мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсүнөн

Мамлекеттик салык кызматы компания төлөгөн салыктын суммасын жана отчеттуулук кайсы мезгилге тапшырылганын тактаган жок.

Google салыгы

Кыргызстанда чет өлкөлүк компаниялардын өлкө ичиндеги керектөөчүлөргө электрондук кызмат көрсөткөнү үчүн КНС алуу механизми — «Google салыгы» деп аталган салык иштейт.