Бүгүн Таласта ачылган «Талас Арена» стадиону 5,1 миң көрүүчүгө ылайыкталган жана эл аралык футбол турнирлерин өткөрүү талаптарына жооп берет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Медербек Сыдыков билдирди.
Стадиондун курулушу
Анын айтымында, стадиондун курулушу 2025-жылдын 7-апрелинде капсула салуу менен башталган. Объект быйыл октябрда бүткөрүлүп, расмий ачылышы жана календардык беттешүүлөр өткөрүлгөн.
Стадион заманбап инфраструктура менен камсыздалган. Анда төрт VIP-аймак, көрүүчүлөр үчүн VIP-орундар, ЖМК өкүлдөрү үчүн орундар, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын орундар каралган. Мындан тышкары, стадиондун кире беришинде жергиликтүү тургундар үчүн фитнес-зал жабдылган.
Мейманкана
Комплекстин экинчи кабатында 12 бөлмөдөн турган жана 48 адамга ылайыкталган мейманкана жайгашкан. Ал мелдештер жана машыгуу жыйындары учурунда футбол командаларын кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Үчүнчү кабатта VIP-аймактар, өзүнчө бөлмөлөр жана кабинеттер бар. Журналисттер, комментаторлор жана операторлор үчүн футбол беттешүүлөрүн чагылдырууга шарттар түзүлгөн.
«Талас Арена» стадиону ички мелдештерди гана эмес, эл аралык турнирлерди да өткөрүүгө арналган.
Медербек Сыдыков белгилегендей, «Талас Арена» стадиону ички мелдештерди гана эмес, эл аралык турнирлерди да өткөрүүгө багытталган.



















