ЖерЭскерүүлөр: 8
Бишкек шаарында Изабековалардын күрөш академиясынын юбилейлик X эл аралык турнири ийгиликтүү аяктады. Айрыкча Жайыл районунун спортчулары өзүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүп, алтын жана бронза медальдары менен сыйланды.
Талас облусунун Жон-Арык айылында бир нече муунду камтыган абдан чоң үй-бүлө жашайт. 90 жаштагы Саты Эшалиева 14 баланын энеси болуп, анын тукумдары бүгүнкү күндө да өз каалоолорун ишке ашырып келишет.

Кара-Балта шаарында Тарых жана ата-бабалардын эс тутум күнүнө карата жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы багытталган райондук велопробег болуп өттү. Иш-чарага Жайыл районунун 40дей велоспортчусу катышты.
Талас облусунда үч автоунаанын катышуусунда оор жол кырсыгы катталып, натыйжада беш киши каза тапты. Алардын үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени аныкталды. Окуянын жагдайлары укук коргоо органдары тарабынан такталууда.

Талас шаарында жаңыдан кызматка кирген электробустор үч жол кырсыгына катышып, материалдык зыян келтирилгенин «Талас шаардык автобекети» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Замир Качканаков билдирди.

Талас районунун 88 жаштагы тургуну Базарбаева Канчайым апа — 14 баланын энеси. Ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде турмуштук жолу, балдарын тарбиялоо жана алардын ийгиликтерин көрүү кубанычы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, эне үчүн эң чоң бакыт — балдарынын жана неберелеринин бакубат жашоосун көрүү.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.