Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Борборбек Ташматов коомдук транспорт айдоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун себеби — акыркы күндөрү автобустар катышкан жол кырсыктарынын саны өскөндүгү.
ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйында автобус катышкан кырсыктарды алдын алуу, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана айдоочулардын Жол кыймылынын эрежелерин так сактоосу сыяктуу маселелер талкууланды.
Айдоочуларга талаптар
Айдоочуларга жол эрежелерин так сактоо, ылдамдыкты ашырбоо, жолдо жоопкерчиликтүү болуу жана жүргүнчүлөрдүн өмүрү менен ден соолугуна коркунуч келтирген ар кандай аракеттерди токтотуу зарылдыгы баса белгиленди.
Жол эрежесин одоно бузган жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна шалаакы мамиле кылган айдоочуларга карата мыйзам чегинде жумуштан бошотууга чейинки катуу чаралар көрүлөөрү айтылды.
Акыркы окуялар
Эскерте кетсек, Бишкекте жакында коомдук транспорт катышкан бир нече ири кырсык болду. Алардын биринен кийин шаардык транспорт департаментинин жетекчиси кызматтан алынган. Шаар тургундары жолдор мынчалык көп сандагы чоң автобустарга ылайыкталбаганын белгилешүүдө. Мэрия муниципалдык автобус айдоочулары боюнча жалпы абалга комментарий бере элек.



















