Бишкек мэриясы жол өткөргүчтүн капталышы кулап жатат деген маалыматты четке какты. Мэриянын расмий билдирүүсүндө «Тандыр медиа» жана «24.KG» сыяктуу маалымат каражаттары тараткан кабарлар чындыкка дал келбей турганы айтылат. Жарыяланган сүрөттөр жана видеолор курулуштун бир гана бөлүгүн көрсөтүп, окуянын толук картинасын чагылдырбайт.
Мэрия маалымат каражаттарын текшерилбеген маалымат таратпоого, фактыларды бурмалабоого жана коомчулукту адаштырбоого чакырды.
Жол кырсыгы кандай болгон?
Расмий маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 29-октябрында саат 03:07 чамасында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Honda CR-V унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол өткөргүчтүн дубалына урунган. Кесепетинен капталыштын бир бөлүгү бузулган.
Кырсыктан кийин айдоочусу өзү эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына кайрылып, фактты каттаткан. Анын ден соолугуна залал келген эмес.
Азыркы тапта жол өткөргүчтүн бузулган бөлүгүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

























