Бүгүн, 2-ноябрда, президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууда ишкер Медер УКМК кызматкерлеринин аракеттерине нааразычылыгын билдирип, алар анын мүлкүн коркутуу жолу менен тартып алышкан деп билдирди.
Ишкердин айтымында, 2025-жылдын август айында УКМКнын Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери Раимканов, Жапарбеков жана Анаркулов ага кысым көрсөтүп, мүлкүн берүүнү талап кылышкан.
Медер алардын сөздөрү менен коркутууларын телефонго жазып алып, УКМКнын Коопсуздук кызматына кайрылганын, бирок эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтты. Тескерисинче, ага карата басым күчөгөн.
Андан соң ал Башкы прокуратурага кайрылган. Бирок мурда жокко чыгарылган кылмыш иши кайра козголуп, Медер 65 күнгө тергөө абагына киргизилген. Анын айтымында, Раимканов далилдерди жасалмалап, тергөөчүлөргө рапорт менен өткөрүп берген.
Медер ошондой эле аны сабап, УКМКга алып келип, мүлкүн талап кылууну улантышканын айтты. Аялы менен бир тууганына каршы арыз жазууну талап кылышып, анан аны бошотобуз деп убада беришкен.
Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин, бул фактылар боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогонун Медер билдирди.




















