2-ноябрда президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү тургун УКМК кызматкерлери анын үй-бүлөсүнүн Бишкектеги жер участогун мыйзамсыз тартып алганын айтып берди.
Анын айтымында, 2017-жылы ал Бишкектен угуу жана көрүү боюнча майыптыгы бар иниси үчүн жер участогун сатып алган. Ошол жерде үйлөр курула баштагандан кийин, үй-бүлө шагыл ташууга жана газ өткөрүүгө акча чогулткан.
2024-жылы бир тууганы үчүн үй куруу иштери башталган. Бирок УКМК кызматкерлери келип, эмнеге участокто эч нерсе курулбаганын сурашкан. Коңшулар бул жердин ээси жок экенин айтышкан. Ошондон кийин УКМК участокту мамлекетке өткөрүп жиберген.
Ошондон бери маселе чечилбей келет. Тургундун айтымында, карындашы алыстан Кыргызстанга келип, президенттин атына кайрылуу жазган. Иш илгерилегени менен, акырына чейин чечиле элек.
Мындан тышкары, ал оор материалдык абалдан улам үй-бүлө участокто дароо үй кура албаганын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров УКМК өкүлүнө кырдаалды иликтөөнү жана участокту ээлерине кайтарууну тапшырды.
Медердин окуясы
Жолугушууда дагы бир тургун Медер президентке УКМК кызматкерлеринин коркутуулары жана басымы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2023-жылдын августунда УКМК кызматкерлери коркутуу менен мүлкүн кайра жаздырууга мажбурлашкан.
Медер коркутууларды жана телефон сүйлөшүүлөрүн жазып алып, УКМКга арыз менен кайрылган. Бирок, анын айтымында, текшерүүнүн ордуна басым уланган.
Кийинчерээк ага каршы кылмыш иши козголуп, 65 күнгө тергөө абагына киргизилген. УКМК кызматкерлери анын жубайына жана бир туугандарына да коркутуу менен кайрылууларды жазууга мажбурлашкан. Басым тергөө органдарына жана сотко да көрсөтүлгөн.
Медер Башкы прокуратурага кайрылган. УКМК кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөөнү Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө. Медердин айтымында, шектүүлөр үй камагында же эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.
Прокуратура өкүлү иштин Аскер прокуратурасы тарабынан иликтенип жатканын ырастап, президенттин тапшырмасы болсо, көзөмөл органы ишти өз көзөмөлүнө алууга даяр экенин билдирди.


















