Ош шаарында Абдувалиева көчөсүндө асфальт төшөө иштери башталды. Бул иштер альтернативдүү көчөлөрдү куруу жана оңдоо программасынын алкагында жасалууда.
Буга чейин аталган көчөдө мыйзамсыз курулуштар бузулуп, жол толугу менен тазаланды. Мындан соң адистер жолдун негизин тегиздөө иштерин жүргүзүштү.
Азыркы мезгилде асфальт төшөө жүрүп жатат. Иштер катуу сапат талаптарына ылайык жүргүзүлүп, жолдун бекем жана узак мөөнөттүк болушуна шарт түзүлүүдө.
Ошондой эле көчө бир канаттуу жолдон эки тилкеге кеңейтип, узундугу болжол менен 1 чакырымга жеткирилди. Жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлар курулду, сууну агызуучу арыктар орнотулду.
Жакынкы мөөнөттө көчөгө түнкү жарык системалары орнотулуп, айланасындагы аймактар жашылдандыруу иштеринен өтөт.
Бул иш-чараларга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана жергиликтүү тургундар катышты.













