Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Баялинов көчөсүнүн Алимбек датка көчөсүнөн Молдо-Нияз көчөсүнө чейинки асфальттоо иштерин 10 күн ичинде аяктоону тапшырды.
Мэр шаардын бул бөлүгүндө жолдун учурдагы абалы, капиталдык оңдоо жана инженердик инфраструктураны жаңылоонун маанилүүлүгү боюнча выезддик жыйын өткөрдү.
Жанарбек Акаев сапаттуу курулуш иштерине өзгөчө көңүл буруу жана иштерди белгиленген убакытта бүтүрүү талабын койду.
Жумуштар аяктагандан кийин Баялинов көчөсүнүн өткөрүмдүүлүгү жогорулап, жол кыймылынын коопсуздугу да өскөнү күтүлүүдө.
Ошондой эле, инженердик жана суу чарба системаларын жаңылоо аркылуу тургундар үчүн жеткиликтүү жана ылайыктуу шарттар түзүлөт.



