Ош шаарында Осмонова көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айланма аймакка чейинки 500 метрлик бөлүгүндө жол оңдоо иштери башталды.
Шаар мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, азыр коммуникациялык түйүндөрдү жана электр зымдарын көчүрүү, жолдун негизин даярдоо иштери уланууда.
Андан соң көчөгө жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлар курулуп, бордюрлар орнотулат. Ошондой эле ирригациялык каналдар жасалып, айлананын жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Оңдоо иштер эки сменада жүргүзүлүп, объектти сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.










