Оңдоо иштери аяктагандан кийин көчө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиев, тармактык кызматтардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө жолдун кенендиги 4 метрден 6 метрге чейин кеңейтилди. Жолдун боюна бордюрлар жана сугат арыктары орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалды.

Жолдорду оңдоо жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер улантыла берет.
Шумкарбек Пайзиев, Ош шаарынын вице-мэри

Вице-мэр Шумкарбек Пайзиев ачылыш аземинде сүйлөп жатып, шаардагы жолдорду оңдоо жана инфраструктураны өнүктүрүү иштери мындан ары да улантыла турганын баса белгиледи.