Ош шаарында Аношина көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери уланууда. Мэриянын маалыматы боюнча, оңдоо иштеринин алкагында жолдун кенейткен бөлүгүндө биринчи асфальт катмары толук төшөлдү.

Ошондой эле, адистер пешеходдор үчүн жаңы тротуарларды куруп, жолдун чекесине бордюрлорду орнотууда.

Оңдоо жүрүп жаткан катыш Аношина көчөсү менен Т. Турсунбаева көчөсүнүн кесилишине чейинки 550 метр узундуктагы участок.

Бардык пландаштырылган иштер аяктагандан кийин, көчө заманбап көрүнүштө болуп, жол кыймылы жана пешеходдор үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.