Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек — Кун-Туу — Белогорка — Суусамыр жаңы жолунда 10 километр узундуктагы тоннель куруу пландалып жатканын маалымдады. Бул боюнча ведомство Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесинин жыйынтыгы чыгарылган. Жаңы трассанын жалпы узундугу болжол менен 94 километрди түзөт. Ал Сокулук районундагы Саз айылынан башталып, Арал — Тоо-Ашуу автожолунун 61-километринде бүтөт.
Долбоордун параметрлери
Курулуш иштеринин алкагында учурдагы жолдун 27,2 километри реконструкцияланат, ал эми 56,8 километр жаңы жол курулат. Ошондой эле 2600–3100 метр бийиктикте тоннель салынат.
Буга чейин парламент өкүлдөрү бул жаңы жол Бишкектен Ошго чейинки аралыкты 150 километрге кыскарта турганын белгилеген.









