Курулуштун мыйзам бузуулары аныкталды
Курулуш министрлиги билдиргендей, мыйзам бузуулар Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Кичи-Алай айылында, Турук дарыясындагы чакан ГЭСтин курулушу учурунда аныкталган.
Мыйзам бузуулар объектти Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестринде каттабастан курулуш иштерин жүргүзгөн “Эл Бат Энерджи Турук” жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) тарабынан жасалган. Бул өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы келет.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү инспекторлору тарабынан акт түзүлүп, компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.











