Ош шаарында учурда ондон ашык көчөдө жол оңдоо иштери бир убакта жүрүп жатат. Жалпысынан 50 чакырымга жакын жол тилкесин куруу жана реконструкциялоо пландаштырылууда.
Бул иштердин көпчүлүк бөлүгүн август айынын аягына чейин бүткөрүү убада кылынган. Шаардын негизги магистралдары болгон Осмонов, Г. Айтиев жана Алымбек Датка көчөлөрү реконструкциядан кийин алты тилкелүү болуп кеңейтилет.


